Кабыл алынган убакыт 16.04.2025, Түзөтүлгөн 25.09.2025, Кабыл алынган 13.11.2025
Кыргызстан түштүк аймагында миграциялык агымдардын күчөшү, төрөттүн өзгөрүшү жана чек ара факторунун өсүп жаткан мааниси этнодемографиялык процесстерди терең изилдөөнү зарыл кылууда. Бул айрыкча социалдык-экономикалык трансформация шарттарында жана тышкы факторлордун күчөп жаткан таасири астында өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Изилдөөнүн максаты – 1989-2022-жылдары Кыргызстан түштүк регионундагы калктын санынын жана улуттук курамдын өзгөрүшүн талдоо, алардын негизги детерминанттарын аныктоо жана учурдагы абалга этнодемографиялык баа берүү болду. Методдор катары 1999, 2009 жана 2022-жылдардагы эл каттоолорунун маалыматтары, расмий статистикалык көрсөткүчтөр, 2019-жылдагы этносоциологиялык сурамжылоонун материалдары колдонулду. Этнографиялык, демографиялык, статистикалык, салыштырма-байкоочу жана географиялык ыкмалар пайдаланылды. Натыйжалар көрсөткөндөй, 2022-жылы Кыргызстандын калкы 6 936 156 адамга жеткен, анын ичинен түштүк региондун үлүшү болжол менен 52,5 % түзгөн. 1989–2022-жылдар аралыгында түштүк облустардагы калктын өсүшү (83,2 %) республика боюнча орточо көрсөткүчтөн (62,9 %) жогору болгон. Кыргыздардын үлүшү 77,6 %га, өзбектердики 14,2 %га чейин көбөйсө, орустар 4,1 %га чейин кыскарган, башка этностордун бир катар өкүлдөрү ондогон эсе азайган. Эң жогорку өсүш Ош облусунда (+105,3 %), эң төмөнкү – Ош шаарында (+58,9 %) катталган. Этносоциологиялык маалыматтар калктын көп балалуулукка жогорку багыттуулугун (≈81 %), никеге туруунун жаш курагынын 5-6 жылга жогорулашын, эмгекке жөндөмдүү калктын 80 %га чейинки деңгээлде жумушсуздугун жана чек арага жакын аймактардагы латенттик этникалар аралык чыңалуунун бар экендигин чагылдырды. Изилдөөнүн практикалык мааниси түштүк региондордо демографиялык жана миграциялык саясатты, жумуш менен камсыз кылуу программаларын жана этникалар аралык жаңжалдардын алдын алуу механизмдерин өркүндөтүүдө алынган маалыматтарды колдонууга негиз берет
демография; этникалык таандыктык; табигый өсүш; миграция; социалдык-экономикалык абал; дискриминация; «жашыруун» кырдаал