Кабыл алынган убакыт 19.12.2024, Түзөтүлгөн 12.03.2025, Кабыл алынган 16.04.2025
Бул макалада Өзбекстандын Нарын районунда жайгашкан Учтепа археологиялык эстелигинин географиялык жайгашуусу, тарыхый-маданий контексти жана изилденүү тарыхы каралат. Айрыкча казуулар учурунда табылган материалдык маданияттын элементтери – ангоб менен капталган керамикалык идиштер, күнүмдүк жана ашкана тиричилик буюмдары кеңири талданат. Бул табылгалар байыркы калктын күнүмдүк жашоосу, чарбасы жана диний ишенимдери жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле эстеликтин түзүлүшү, анын ичинде ыйык жайлар (ийбадатканалар) да каралып, ар түрдүү доордогу коомдук жана маданий түзүлүштөр тууралуу жыйынтык чыгарууга шарт түзөт
Учтепа; археологиялык эстелик; Наманган облусу; ангоб менен капталган керамика; идиш-аяк; материалдык маданият; тиричилик буюмдары; ашкана; ибадаткана; ыйык жайлар; тарыхый-маданий мурас; Борбордук Азиянын байыркы калкы