Кабыл алынган убакыт 16.08.2024, Түзөтүлгөн 06.11.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Макалада ХIХ кылымдын аягында жана ХХ кылымдын башында Кыргызстандын түштүгүндөгү башкаруу системасынын өзгөрүшү жана Россия империясынын колониялык саясатынын таасири изилденет. Россия империясы Кыргызстандын түштүк аймактарын өзүнө кошуп алган мезгилде, жергиликтүү башкаруу структураларынын өзгөрүшү, социалдык жана экономикалык шарттардагы өзгөрүүлөр, ошондой эле жергиликтүү элдин реакциясы талданып, башкаруу системасынын жаңы түзүлүштөрү сүрөттөлөт. Мындай өзгөрүүлөрдүн негизги себептери жана натыйжалары талданып, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мезгилдерге көңүл бурулат
Кыргызстан; түштүк; башкаруу системасы; Россия империясы; колониялык саясат; башкаруу структуралары; социалдык өзгөрүүлөр; жергиликтүү элдин реакциясы