Кабыл алынган убакыт 06.08.2024, Түзөтүлгөн 31.10.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Орто Азия элдеринин материалдык маданияты, анын ичинде үй кол өнөрчүлүгү көптөгөн саякатчыларды жана окумуштууларды өзүнө тартып, аларды изилдөөгө үндөгөн. Элдердин этникалык маданиятынын өнүгүшүн материалдык маданият аркылуу байкоого болот. Совет бийлигине чейинки мезгилде Орто Азия элдеринин материалдык маданиятын изилдеген ар кандай мазмундагы илимий эмгектер жарык көргөн. Кыргыз маданиятынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген килемдердин пайда болуу мезгили жана килем токуу өнөрү тууралуу маалыматтар учурда дээрлик жок. Бирок Борбордук Азиядагы салттуу килем токуучулук археологиялык жана тарыхый жактан совет дооруна чейинки мезгилден бери эле изилденип келет
революцияга чейинки мезгилдеги материалдык маданият; изилдөө; кыргыз; килем; килем токуу; салт; искусство