Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана укук институтунун директорунун орун басары
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана укук институтунун директорунун орун басары
Арстанов Сабыркул Абдиманапович, 1983-жылы туулган, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана укук институтунун директорунун орун басары,"Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых" аттуу илимий журналынын башкы редактору. Сабыркул Абдиманапович 1983-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Аксый районунун Кербен шаарында төрөлгөн. Улуту – кыргыз. Кыргыз Республикасынын жараны. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин «Тарых» адистиги боюнча аяктаган. 2007-жылы ОшМУнун күндүзгү аспирантурасын бүтүргөн. 2015-жылы 07.00.02 – «Мамлекеттик тарых» адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2020-жылы ага «доцент» окумуштуулук наамы ыйгарылган.
Илимий жана педагогикалык ишмердүүлүк
С. А. Арстанов Кыргызстандын тарыхы, өзгөчө советтик доорго байланыштуу маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ал 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 45 илимий макаланын жана 3 окуу-усулдук колдонмонун автору. Анын жетекчилиги астында тарых окутуудагы жаңы ыкмалар иштелип чыгууда жана билим берүү процесстерине заманбап санариптик технологиялар активдүү киргизилүүдө.
Негизги илимий эмгектери:
Эмгек жолунда
Сабыркул Абдиманапович 2004-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде эмгектенет. Ал жөнөкөй окутуучудан баштап жогорку жетекчилик кызматтарга чейин жеткен:
Илимий-коомдук ишмердүүлүк
Сабыркул Арстанов илимий журналдардын өнүгүшүнө, конференцияларды уюштурууга жана билим берүү системасындагы реформаларга активдүү катышып келет. 2024-жылдан тарта "Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых" илимий журналынын башкы редактору болуп эмгектенет жана Кыргызстандагы гуманитардык жана тарыхый илимдердин өнүгүүсүнө багытталган редакциялык жана уюштуруу комитеттеринин мүчөсү болуп саналат.