Кабыл алынган убакыт 09.08.2022, Түзөтүлгөн 02.11.2022, Кабыл алынган 03.12.2022
Афинанын эң жогорку гүлдөп-өсүү жана бийлигинин доору Периклдин ысымы менен байланыштуу болгон жана замандаштары бул жылдарды «Периклдин доору» деп аташкан. Алар Перикл башка эч кимге окшобогон, мүнөзүнүн момундугу менен сыйлоо сезимин жана сырткы көрүнүштүн улуулугун, жүрөктүн боорукерлиги менен айкалыштырганын түшүнүштү. Периклдин башкаруусун жыйынтыктап, Фукидид мындай деп жазган: «Сыйлоосу жана акыл-эси күчтүү, жарандардын ичинен эң бузулбас Перикл элди тыйганды билген жана ал аны мыкты жетектеген. Перикл эч кандай жаман каражаттардын жардамысыз таасир эткендигине байланыштуу, ал эч качан элге кошомат кылган эмес жана жалпы сыйурматты сактаган, ачууланып каршылык көрсөтө алган эмес. Ал ошондой эле демократиянын пайдубалына доо кетирбестен, демократиялык мамлекетте өзүнүн жеке эркин кантип ишке ашырууну билген тарыхта саналуу башкаруучулардын бири болгон
Афина; Спарта; Египет; Фидий; Фукидид; Плутарх; полис; стратег; Перс; Делиан деңиз союзу; Афина союзу; Пелепоннес согушу; демократия; реформа; Греция шаарларынын конфедерациясы