Кабыл алынган убакыт 25.12.2024, Түзөтүлгөн 14.03.2025, Кабыл алынган 16.04.2025
18-кылымдын орто ченинде Цин империясы Жунгар хандыгын жана Чыгыш Түркистанды өзүнө каратып жаткан учурда, Чыгыш Түркистандын батышындагы Фергана өрөөнү жана Алай тоо кыркаларында аралаш жайгашкан Ирдана бек башында турган Кокон менен Ажыбий башында турган Адыгине кыргыздарынын ээликтери бул аймактагы эки чоң күчтүү бийлик болгон. Бул эки ээлик экономикалык жана саясий жактан бири-биринен көз каранды болуп, бири-бирин толуктап, бул аймактын саясий жана экономикалык тең салмактуулугун сактап турган. Керек учурда биргелешип тышкы душманга каршы күч бириктирип, жакшы мамиледе болуп турушкан. Тышкы коркунуч жок болгон учурда, экөө тең үчүнчү тарап күчтөрдү бири-бирине каршы колдонуп, Фергана өрөөнүндөгү үстөмдүк үчүн күрөшүүгө аракет кылышкан. Тагыраак айтканда, эки тарап тең керек учурда өз ара кызматташып, сырткы тараптан келген коркунуч жок болгон учурда ич ара атаандаштык мамиледе болгон. Цин бийлиги Жунгар хандыгын жана Чыгыш Түркстанды багындыргандан кийин, Кокон жана Адыгине кыргыздары менен байланыш түзө баштаган, натыйжада Кокон менен Адыгине кыргыздарынын ортосундагы мамиленин нугу кескин түрдө өзгөргөн. Эки тарап тең Цин бийлигинин колдоосун алууга аракет кылышкан. Адыгине кыргыздарынын башчысы Ажыбий Цин империясынын таасирин колдонуу менен Бухарадан Кашгарга чейинки аймактарда жашаган жалпы кыргыз урууларын бирикитирүүгө умтулган. Ал эми Кокондун Ирдана беги болсо өз бийлигинин таасирин жогорулатуу максатында, Бухаранын Цин империясына “багынуусунда” ортомчулук кызмат аткарууга даяр экендигин билдирип, ошондой эле Цин бийлигинин колдоосу менен кыргыздардын күчүн алсыратып, Фергана өрөөнүндө үстөмдүк кылуу максатына жетүүгө аракет кылган. Ал учурда Цин бийлиги өз кызыкчылыгын көздөп саясат жүргүзгөн. Ирдана менен Ажыбийдин ортосундагы атаандаштыкты колдонуу менен, “варвардын колу менен варварды жок кылуу” стратегиясын колдонуп, алгач Кокондун күчү менен Адыгине кыргыздарынын бийлигин алсыратат, тактап айтканда, Ирдананын «кыргыздарды ооздуктоо» ниетин колдонуп, анын Адыгине кыргыздарына кол салуусун колдойт. Натыйжада, Ирдана кыргыздардын Ош ж.б. аймактарын басып алууга аракеттенет, Ажыбийдин Ирдананын бул баскынчылыгына каршы жүргүзгөн жалпы кыргыз урууларынын башын бириктирүү боюнча иш аракеттерине Цин бийлиги тоскоолдук кылат. Жыйынтыгында, Ажыбий башында турган Адыгине кыргыздары алсызданып, Фергана өрөөнүнүн түздүктөрүнөн анын тегерегиндеги тоо аймактарына сүрүлүшөт. Адыгине кыргыздарынын Кокондун баскынчылыгына каршы турууга күчү жетпей калганда, Цин бийлиги саясатын өзгөртүп Ирдананын күчтүү бийлик куруусуна тоскоол болуу максатында, ага каршы кыргыздарды колдонууну көздөйт. Ошондуктан, кыргыздардын тарабын колдоп, Ирдананын Чыгыш Түркистан тарапка чейин жайылып келүүсүн алдын алууга аракеттенет
Адыгине уруу биримдиги; Цин империясы; Кокон; Ош