Кабыл алынган убакыт 18.12.2024, Түзөтүлгөн 10.03.2025, Кабыл алынган 16.04.2025
Макалада Фергана өрөөнүндөгү Сох жана Исфара дарыяларынын аралыгында жайгашкан Элдердин улуу көчүү дооруна таандык археологиялык эстеликтер каралат. Падышалык Россиядан баштап азыркы заманга чейинки аймакты изилдөө тарыхына анализ жүргүзүлөт. Дөбө мүрзөлөргө, алардын типологиясына, көмүү каада-салтына жана буюмдарына өзгөчө көңүл бурулат. Бул эстеликтердин аймактын Борбордук Азиянын башка аймактары, ошондой эле Улуу Жибек жолу доорундагы Кытай, Иран, Византия жана Согдиана менен болгон маданий байланыштарын түшүнүүдөгү мааниси баса белгиленет
Фергана өрөөнү; Сох; Исфара; археология; Элдердин улуу көчүүсү; дөбө мүрзөлөр; көмүү каада-салты; Улуу Жибек жолу; Борбордук Азия