Кабыл алынган убакыт 02.08.2024, Түзөтүлгөн 30.10.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Бул макалада Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги маселелери талданат. Билим берүү сапатын жогорулатуу, окутуу методдорун жаңыртуу жана кадрларды даярдоо багытында туш келип жаткан көйгөйлөр каралат. Ошондой эле, реформа процессинде кезиккен тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору сунушталат. Макалада реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн эл аралык тажрыйбага таянуу зарылдыгы белгиленет
билим берүү; система; реформа; мейкиндик; көйгөйлөр; сапат; символдор; инновация; процесс; академиялык коомчулук