Кабыл алынган убакыт 09.08.2024, Түзөтүлгөн 04.11.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Бул макалада XIX кылымдын экинчи жарымы жана XX кылымдын башында жашаган Мырзакул болуштун агартуучулукка кошкон салымы жана анын коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө айтылат. Мырзакул болуш колониялык доордо Фергана чөлкөмүндө “усул-и-жадид” мектептери жайылтылган мезгилде Андижан, Коргон-Төбө, Жалал-абад шаарларында медреселерди ачып, калктын билимдүү болуусуна кошкон салымы иликтөөгө алынды. Ошондой эле анын Жалал-Абад курортундагы Азрети-Аюп минералдык суу чыгуучу булактын көзүн ачып, элдин пайдалануусуна шарт түзгөн инсан болгондугу жөнүндө баяндалат
Кокон хандыгы; колониалдык доор; кыргыздар; Коргон-Төбө; Жалал-Абад; Мырзакул болуш; агартуучулук; медресе; “усул-и кадим”; “усул-и-жадид”