Кабыл алынган убакыт 07.08.2024, Түзөтүлгөн 01.11.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Макалада Советтик Кыргызстандагы аялдардын коомдук, саясий жана маданий турмушка катышуусу каралат. 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин социалисттик режим аялдардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган саясатты жүргүзгөн. Мындай саясаттын натыйжасында аялдар коомдогу бардык тармактарда активдүү катышып, алардын саясий, билим берүү, маданий жана экономикалык чөйрөдөгү ролу өскөн. Макалада Советтик Кыргызстанда аялдардын социалдык статустун өзгөрүүсү, алардын эмгек тармагындагы орду, коомдук иштерге катышуусу жана социалисттик түзүмдүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары талданат
Советтик Кыргызстан; аялдар; маданий жашоо; коомдук турмуш; социалисттик өзгөрүүлөр; билим берүү; эмгек тармагы; тең укуктуулук; социалисттик башкаруу