Кабыл алынган убакыт 04.09.2024, Түзөтүлгөн 15.11.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Макаланын негизги бөлүгү Кыргызстандагы ички жана тышкы миграциянын абалын чагылдыруу менен бирге мигранттардын балдарынын тагдырын социалдык өңүттө изилдөөгө багыт алат. Учурдагы зээн кейиткен окуялар, өз укугун коргой албаган мигранттардын балдарынын айланасында болгондуктан, алардын көйгөйлөрүн чечүү заманбап маселелердин негизгилеринин бири болуп келүүдө. Кыргызстанда миграция процессинин динамикасы, өлкөнүн эконмикасындагы өзгөрүүлөр, ошондой эле, социалдык структурасындагы кайра куруу мигрант балдарынын жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө. Мигранттар, негиинен сыртка ишке барышы менен, алардын балдары ата-энесиз калган же жалгыз бой ата-энелер менен жашоого аргасыз болушууда. Бул балдардын социалдык, психологиялык жана экономикалык көйгөйлөрү өзгөчө таасирин тийгизүүдө
ички миграция; тышкы миграция; мигранттардын балдары; мигранттардын балдарынын көйгөйлөрү