Кабыл алынган убакыт 30.08.2024, Түзөтүлгөн 12.11.2024, Кабыл алынган 09.12.2024
Бул макалада эгемендүү Кыргызстандын саясий партиялар институтунун тарыхы, анын ичинен «бийлик партияларынын» орду жана таасири талданат. Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки саясий партиялардын түптөлүшү, алардын ишмердүүлүгү жана бийликке таасири коомдук жана мамлекеттик процесстерде чоң мааниге ээ. Макалада негизги партиялардын (мисалы, “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол”, “КСДП”, “Биримдик”, “Мекенчил”) саясий элитага жана өлкөнүн башкаруусуна болгон таасири жана алардын саясий күрөшү каралат
Эгемендүүлүк; саясий партиялар; бийлик партиялары; Кыргызстандын тарыхы; саясий система; демократия; шайлоо; саясий элита