Кабыл алынган убакыт 26.01.2024, Түзөтүлгөн 15.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада Ташманбет Кененсариевдин Кыргыз тарыхнаамасындагы инсантаануу маселесинде тарыхый инсандардын тарыхын изилдөөдө, алар тууралуу жаңы маалыматтарды илимий айланпага киргизүүдө чыныгы кесипкөй тарыхчы катары бараандуу эмгектерди жазып калтыра алгандыгына токтолуу менен Алымкул Асан бий уулунун өмүрү, мамлекеттик ишмердиги, бүткүл Түркстанды коргогон мекенчилдик жана баатырдык бейнеси, Полот хандын жетекчилиги астындагы 1873-1876-жж. элдик кыймылдын тарыхын, Алымбек датка, Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсанда тууралуу жаңы маалыматтарды илимий айланпага киргизүүгө жасаган аракеттери боюнча жазылган. Анын демилгеси менен “Манасты дүйнөгө даңазалагандар” деген серияда “Манас” боюнча жазып алган В.Радлов менен Ч.Валихановдун тексттерине тарыхчы-окумуштуу катары алгачкы болуп Баш сөз жазып,илимий комментария менен коштолгон 800 беттен турган тестин калың китеп кылып чыгарууга демилгечи болуп, Манастаануу илимин изилдөө жана жайылтуу боюнча жаңы бир багытты ачкандыгын айтууга болот
инсан таануу; тарыхнаама; тарыхый инсандар; илимий айланпа; нарративдик булактар; илимий-попуярдуу