Кабыл алынган убакыт 15.02.2024, Түзөтүлгөн 03.05.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Т.Кененсариев Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхын изилдеген көрүнүктүү окумуштуулардын бири болуп саналат. Анын илимий изилдөөлөрүнүн чордонун Кокон хандыгынын жана падыша өкмөтүнүн колониялык доорундагы тарыхый окуялар түзөт. Кокон хандыгынын тарыхын изилдөө иштери революцияга чейинки мезгилдерде башталып советтик доордо улантылган.. Айрым изилдөөчүлөр өз эмгектеринде аны көп улуттуу мамлекет катары карашып, кыргыздардын хандыктын жашоосундагы ордуна жана ролуна баа берүүгө аракеттенишкен. Профессор Т.Кененсариев Кокон хандыгы көп улуттуу Фергана өрөөнүнүн тургундарынын биргелешкен саясий режими болгондугу тууралуу көз караштарды изидөөлөрүндө уланткан жана бышыктаган. Макалада профессор Т.Кененсариевдин Кокон хандыгынын тарыхына арналган илимий изилдөөлөрүнө тарыхнаамалык сереп салууга аракеттер жасалды. Анын Кокон хандыгы кыргыз мамлекетүүлүгүнүн бир көрүнүшү жана көп улуттуу Фергана өрөөнүнүн калктарынын орток саясий бирикмеси болгондугу тууралуу илимий жыйынтыгынын орундуу пикир экендиги көрсөтүлдү. Бул багытта анын бир топ тарыхый инсандардын ишмердүүлүгүн изилдөө менен кыргыз тарыхынын инсан таануу багытына зор салым кошкондугу белгиленди
Т.Кененсариев; Кокон хандыгы; тарых; изилдөө; салым