Кабыл алынган убакыт 13.02.2024, Түзөтүлгөн 01.05.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада профессор Т. Кененсариевдин тарых илимине кошкон салымы жана Кыргызстандын XVIII-XIX кк. тарыхын изилдөөдөгү илимий коз карашына анализ берүүгө аракет жасалат. Макалада белгиленгендей профессор Т. Кененсариев Кыргызстандын Кокон хандыгы жана Россия империясынын доорундагы тарыхын изилдеген, тийиштүү илимий даражага ээ болгон, аталган доорлор боюнча бир канча монографияларды, илимий макалаларды жараткан белгилүү окумуштуу катары белгиленет. Т. Кененсариев Кокон хандыгынын тарыхын жаңы тарыхый өңүттөн кароо менен хандык Фергана өрөөнүнүн калкы тарабынан түзүлгөн орток хандык, кыргыз мамлекеттүлүгүнүн бир формасы катары кароону сунуш кылат. Ал эми оторчулук доордун тарыхын изилдеп жатып, Т. Кененсариев Кыргызстандын Россияга каратылышынын формалары, анын этаптары, уруу башчыларынын орустарга карата болгон мамилелери боюнча жаңы методологиялык көз карашты сунуштаган. Автор, Кыргызстан Россия империясынын курамына эки моделдик келишимдер, бүтүмдөр жана куралдуу басып алуу негизинде кошулгандыгын белгилейт. Макалада Т. Кененсариев XVIII-XIX кк. тарыхы боюнча жаңы тарыхый көз караштарды сунуштаган, постсоветтик доордун тарыхындагы чыгаан окумуштуулардын бири экендиги белгиленет
Кокон хандыгы; Россия империясы; экономикалык саясат; илимий көз караш; кошулуу; тарыхнаама