Кабыл алынган убакыт 17.01.2024, Түзөтүлгөн 05.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада Кокон хандыгынын тушунда Алымбек датканын Ош шаарына курдурган медресеси жөнүндө айтылат. Кокон хандыгынын мезгилинде кыргыздар да башка мусулман элдери сыяктуу эле балдарын диний мектеп, медреселерде окутушкандыктан, жаш муундардын келечегине кам көргөн Алымбек датка өзүнүн каражатына 1860-жылы Ош шаарында медресе курдурган. Алымбек датканын салган ак медресеси Кокондогу хан медресесине окшош курулган. Алымбек датканын медресеси бышкан кыштан тургузулуп, дарсканадан, 28 өжүрөдөн турган. Анда эки мударис жана жүзгө чейин окуучулар жашап, билим алышкан. Медреседе мударисттер Ажы Мукамбет менен Сулайманкулдар сабак өтүшкөн. Медреселер жогорку окуу жай болгондуктан, алар консервативдүү боюнча калган эмес, тескерисинче өсүп-өнүгүп турган. Бул окуу жайлар кыргыз окумуштууларынын, агартуучуларынын, улуу ойчулдарынын эң сонун традициясын так ушул медреселерде сактап келишкен
Кокон хандыгы; Ош шаары; Алымбек датка; Полот хан; ислам дини; дин; медресе