Кабыл алынган убакыт 09.01.2024, Түзөтүлгөн 30.03.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана облусунун курамында Анжиян уездинин түзүлүшү, уездде колониялык бийлик системасын түзүү маселелери чагылдырылган. Бул уезддин мисалында Түркстан крайынын "аскердик-элдик башкаруусунун" Кокон хандыгынын убагындагы башкаруунун салттуу чыгыш феодалдык формасы менен аскердик-полиция органдарынын амалкөй айкалышын чагылдырган өзгөчөлүктөрү каралат. Ошондой эле материалда уездди башкарууда маанилүү роль ойногон колониялык органдардын функциялары баяндалган жана алардын ишинин чыныгы маңызы ачылган
колониализм; "аскердик-элдик башкаруу"; уезд; "жергиликтүү" Анжиян; волост; кыштак; маале