Кабыл алынган убакыт 30.01.2024, Түзөтүлгөн 17.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүү процессинде, анын карама – каршылыктуу, татаал маселелери кайра каралып, ар – бир тарыхый окуянын салмагы, баалуулугу таразаланып, кылдат изилденүүгө багыт коюлуп, жаңыча көз караштагы илимий эмгектер тарыхчылар тарабынан жарыяланып жаткан учур. Макалада ошондой тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Т. Кененсариевдин тарых илимине кошкон салымы жана анын илимий теориялары, көз караштары тууралуу маалымат берилет. Т.Кененсариев элибиздин Кокон хандыгынан берки тарыхы жөнүндө көптөгөн фундаменталдуу эмгектерди жазган чоң тарыхчы окумуштуу, миңдеген студенттерди тарбиялаган чыгаан педагог, илимдин ондогон кандидаттарын, бир катар докторлорун даярдаган устат. Т.Кененсариев жалаӊ эле Кокон хандыгы эмес, кыргыз элинин XVIII кылымдан – XX кылымга чейинки мезгилиндеги тарыхый окуяларынын талаш-тартыштуу маселелери боюнча да өз позициясын, аналитикалык негиздеги өз көз караштарын берген. Негизги сөздөр. Ташманбет Кененсариев, илимпоз, Кокон ханлыгы, кыргыздардын тарыхы, илимге кошкон салымы
Ташманбет Кененсариев; илимпоз; Кокон ханлыгы; кыргыздардын тарыхы; илимге кошкон салымы