Кабыл алынган убакыт 02.01.2024, Түзөтүлгөн 25.03.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада Кокон хандыгынын түптөлүүсү, ички жана тышкы саясаты, өлкөдөгү саясий кризистер ж.б. маселелер талдоого алынды. Авторлор жергиликтүү жана чет элдик окумуштуулардын эмгектерин, тарыхый булактарды пайдалануу менен маселенин маңызын ачып берүүгө аракеттенген. Анда өлкөдөгү саясий туруксуздуктун негизги себептери, хандыктын алсырашы жана чет элдик мамлекеттердин баскынчылык саясаттары кенен чагылдырылган. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүн байырлаган элдердин орток мамлекети болгон. Анын башкаруу системасына бүт элдердин өкүлдөрү, анын ичинде кыргыздар да тартылган. 18 к. экинчи жарымында аймакта бирдиктүү мамлекеттин негизделиши өз кезегинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнү шарттаган. Кокон хандыгы 19 к. баш ченине тартып аймактагы ири геосаясий күчкө айланган жана Чыгыш Түркстан да анын таасир сферасында болгон. Эл аралык мамилелерде да Кокон хандыгы маанилүү ролду ойногон. Анын Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолун көзөмөлдөп туруусу соода-экономикалык өнүгүүгө зор таасирин тийгизген. Бирок хандыктагы ич ара арздашуулар, бийлик үчүн күрөш, тышкы күчтөрдүн таасири ж.б. факторлор акырындык менен мамлекетти алсыраткан жана анын өз алдынча жашап кетүүсүно бөгөт койгон
Кокон хандыгы; саясий туруксуздук; тышкы саясат; Фергана; ислам; бийлик; төңкөрүш; дипломатия; сепаратисттик тенденция