Кабыл алынган убакыт 01.02.2024, Түзөтүлгөн 19.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Азыркы массалык маалымат каражаттарынын техникалык негизин санариптик жана компьютердик технологиялар түзгөндүгүнүн натыйжасында, алардын социалдык-саясий функционалдуулугу өзгөрүүгө дуушар болууда. Ал эми макалада эгемендүү Кыргыз Республикасындагы онлайн-массалык маалымат каражаттарынын заманбап аудиториясы, мазмуну жана экономикалык талаасы каралып талдоого алынды. Интернет маалымат каражаттарына өтүү жараяны дал ушул онлайн маалымат каражаттарына тиешелү экендигин көрүгө болот. Интернеттин Жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын мазмунунун жана тенденцияларын аныктоо үчүн, “Chalkan.kg” жана “Gezitter.org” маалымат сайттарынын базасында кароо мүмкүн болду. Андан башка Маалыматтык жазуунун популярдуу жанрынан тышкары, онлайн медиада кайра жазуу жана копирайтинг деп аталган кеңири таралган техногендү маалымат каражаттарынынын тарыхы көрсөтүлдү
интернет; web-маалымат каражаты; онлайн маалымат каражаты; “Chalkan.kg”; “Gezitter.org”