Кабыл алынган убакыт 06.02.2024, Түзөтүлгөн 24.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Совет мезгилиндеги тарыхнаамада азаттык үчүн күрѳшкѳн элдин аракеттерине баа берүүдөгү илимий жыйынтыктар партиянын идеологиялык багытына шайкеш келүүсү зарылдык катары саналган. Элдик кыймылдарга баа берүүдѳ окумуштуулар таптык позициядан карап, совет мамлекетинин негизги урааны болгон “таптык эзүүгѳ каршы күрѳш”, “бай-манаптык”, “буржуазиялык элементтерге каршы күрѳшүү” сыяктуу калыптанган түшүнүктѳрдү колдонушкан. Андан айырмаланып, постсоветтик тарыхнаамадагы изилдѳѳлөрдүн негизги ѳзгѳчѳлүктѳрү катары азаттык кѳтѳрүлүштѳр элдин эркиндикке умтулган аракеттери катары бааланып, анын жетекчилерине элдик баатыр, улуу тарыхый инсан катары баа берүү тенденциясы жүрүп келүүдѳ. 1873-76-жылдардагы Фергана өрөөнүндө болгон элдик кыймылдын мааниси жана ал кыймылдын жүрүшүндөгү Исхак Асан уулу Полот хандын ролу постсоветтик мезгилдеги тарыхнаамада кыргыз, өзбек окумуштуулары тарабынан жаңы көз караштан изилденип, анын натыйжасында бир канча маӊыздуу эмгектер жаралып, макалалар жарык көрдү
Исхак Асан уулу Полот хан; Кокон хандыгы; элдик кыймыл; азаттык көтөрүлүш; Фергана өрөөнү; постсоветтик тарыхнаама; жаӊы көз караш; постсоветтик мезгил