Кабыл алынган убакыт 07.02.2024, Түзөтүлгөн 25.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Бул макалада белгилүү тарыхчы жана окумуштуу Ташманбет Кененсариевдин Ош шаарында жүргүзгөн илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү терең талданат. Макалада анын Кыргызстанда, анын ичинде Ош мамлекеттик университетинде илимдин жана билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, айрыкча тарых илиминдеги жетишкендиктери жана педагогикалык тажрыйбасы чагылдырылган. Автордун илимий изилдөөлөрү жана Ош мамлекеттик университетинде аткарган иштери да кенен баяндалып, алардын учурдагы коомдук жана билим берүүчү мааниси талкууланган. Т.Кененсариевдин жетекчилигиндеги илимий иштер жана анын тарыхый-методологиялык изилдөөлөрүнүн натыйжалары да макалада терең изилденет. Ошондой эле, анын илимий кызматкерлерди тарбиялоо жаатындагы ролу баса белгиленген
Ташманбет Кененсариев; илимий ишмердүүлүк; педагогикалык тажрыйба; Ош мамлекеттик университети; тарых илими; Кыргызстан; билим берүү; методология; студенттерди окутуу