Кабыл алынган убакыт 25.01.2024, Түзөтүлгөн 12.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Кокон хандыгы тарыхка деспоттук мамлекет катары кирген. Өзүнүн бир жарым кылымдан ашык тарыхында ал бир катар мамлекеттерди бириктирди. Ал эми кыргыздар анын коомдук-саясий турмушунда кыйла активдүү роль ойногон. Бул учурда жана бул процесстерге бир аялдын активдүү катышканы феноменналдуу көрүнүш. Макалада XIX кылымдагы кыргыздын көрүнүктүү башкаруучусу Курманжан датканын өмүрү жана ишмердүүлүгүнө сереп салуу болуп саналат. Авторлор, тарыхый булактарга, медиа басылмаларга жана илимий изилдөөлөргө таянып, анын өмүр баянынын ар кандай аспектилерин баса белгилейт, алардын көбү дагы деле жакшы изилдене элек. Макалада негизинен Курманжандын балалыгы жана жаштыгы, өмүр баяны, билими, жашоосунун алгачкы жылдары, Алымбек датка менен баш кошуу жана анын келечектеги тагдырына таасири. Ошондой эле, саясий ишмердиги- Алай өрөөнүн башкаруу, кошуна мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелери, Кокон хандыгына жана Россия империясына каршылык көрсөтүүсү каралган
кыргыздар; Кокон хандыгы; Курманжан датка; Алай; аялдардын ролу