Кабыл алынган убакыт 09.02.2024, Түзөтүлгөн 29.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада даңазалуу “Алай ханышасы” Курманжан-датканын жана аны менен ар түрдүү мезгилдерде, ар кандай шарттарда карым-катнашта болгон, атактуу орус генералдары - Россия империясынын Түркстан генерал-губернаторствосунун генерал-губерна-торлору менен Фергана облусунун аскер губернаторлорунун ишмердүүлүгүн чагылдырууга аракет жасалган. Көпчүлүккө маалым болгондой атактуу мекендешибиз Курманжан-датканын бай өмүр таржымалы, ар тараптуу ишмердүүлүгүнүн бардык тармактары жана аспектилери деталдуу түрдө, дээрлик изилденгендей көрүнүп, таасир калтырат. Бирок дагы да болсо датка айымдын өмүр баянында, айрыкча орус генералдары, Орус империясынын Түркстан генерал-губернаторствосунун жогорку даражалуу аскер чиновниктери, Россия империясынын согуш министри А.Н.Куропаткин менен болгон жеке мамилелери боюнча дагы эле аз изилденген жагдайлар бар. Кызыгууну туудурган жагдайдын би-ри, Курманжан-датканын 1875-76-жылдардагы Кокон хандыгындагы элдик көтөрүлүшкө болгон мамилеси, көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири, акырына чейин согушкан, жеңилгенден кийин бөтөн жерде каза болгон уулу Абдылдабек болот. Өзгөчө кызыгууну туудурган маселе Курманжан-датканын Россия империясынын расмий сыйлыктарына ээ болуусу. Ошол эле учурда Орус бийликтеринин кичүү уулу Камчыбекти бажычыларды жок кылганы үчүн өлүм жазасына тартышын, туруктуулук жана сабырдуулук менен баштан кечириши, уулдарынын, небересинин Сибирге айдалышы болгон. XIX кылымдын аягында Түркстан генерал-губернаторствосунун бийлик эгедерлерине уулдарын жана небересин мекенине кайтарууга көптөгөн өтүнүч менен кайрылган. Өзүнүн жеке аброю, бир катар генерал-губернаторлордун натыйжалуу жардамы менен балдарын, небересин Сибирь сүр-гүнөн бошотуга, өз мекенине кайтарууга жетишкен
Курманжан-датка; хандык; көтөрүлүш; Алай жортуулу; Абдылдабектин өлүмү; басып алуулар; Камчыбектин иши; Ош; аскер соту; өлүм жазасы; сүргүн; кайтаруу