Кабыл алынган убакыт 31.01.2024, Түзөтүлгөн 18.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Макалада кыргыз элинин Кокон хандыгынын доорундагы чыгаан ишмерлердин катарын толуктаган, олуттуу эки инсан тууралуу баяндалат. Маселенин орчундуу жагдайы, Кокон хандыгын дээрлик 166 жыл бийлеген, өз-дөрүн чингизиддердин урпагынан тараган, хан тукуму катары элге тааныткан, Чадактык кожолордун Миң тукумунан болбогон, чыныгы мураскер эмес адамдын хан тагына келиши болгондугунда. Албетте анын хан тукумунан болбогондугун көпчүлүк билген эмес, бирок эл аны колдогон акыркы хан - Полот хан же Исхак молдо Асан уулу болгон. Экинчи инсан кадимки Алымбек датканын уулу Абдылдабек - Полот хандын эң жакын, ишенимдүү, саясий жандоочуларынын бири. Тарыхтын да, тагдырдын да катаал жолунда, Кокон хандыгынын акыркы жылында, эки таптын, эки башка мүнөздөгү адамдар биригип, саясий ымалага келип, ынанымдуу карым-катнашта болушканы кашкайган чындык. Бизди кызыктырган маселе, кантип Алымбек уул Абдылдабек сыяктуу аттуу-баштуу, жети атасынан бери бийлик колунан кетпеген, төбөлдүн баласы, элден чыккан, эл үчүн башын канжыгага байлаган азамат, тайманбас - Полот хан атын алып, күрөшкө аттанган Исхакка кошулуп калды. Ал экөөнүн саясий, аскердик тандеми тууралуу, кадимки Курманжан датка билгенби, колдогонбу же такыр кабары болгон эмесби? –сыяктуу маселелер. Дагы бир олуттуу маселе, орус бийликтери аларга кандай мамиледе болгон? Жогорудагыларга саресеп салып, көз карашыбызды сунуштадык
чыгаан инсандар; Абдылдабек; Исхак; Кокон хандыгы; ак сөөк; молдо; көтөрүлүш; орус бийликтери; Алай экспедициясы