Кабыл алынган убакыт 04.01.2024, Түзөтүлгөн 27.03.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Исхак Асан уулу Полот хан кыргыз тарыхынын маанилүү бөлүгү болгон Кокон хандыгынын тарыхында көрүнүктүү инсан. Ал башкарган мезгилде аскердик чеберчилик менен дипломатиялык мамиленин өзгөчө айкалышын көрсөткън. Анын ишмердүүлүгү хандыктын түптөлүшүнө жана чыңдалышына, кошуна мамлекеттер жана уруулар менен тышкы байланыштарына чоң таасирин тийгизген. Ийгиликтүү аскердик жортуулдардын жана билгич саясаттын натыйжасында Полот хан Кокон хандыгынын аймагын бир топ кеңейтип, аймактык саясат аренасында өз ордун бекемдей алган. Анын мурасы Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбордук Азиянын бул доордун тарыхын түшүнүү үчүн негизги элемент бойдон калууда
Кокон хандыгы; аскердик чеберчилик; дипломатиялык искусство; аймактын кеңейиши; тышкы байланыштар; регионалдык саясат; Борбордук Азия