Кабыл алынган убакыт 12.01.2024, Түзөтүлгөн 02.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Кыргыз элинин тарыхын чет элдик баскынчыларга каршы дайыма күрөшүп келген күрөштүн тарыхы десек болот. Кокон хандыгынын доору Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана трагедиялуу учур болгон. Негизги калк байлар менен манаптардын жана кокондук чиновниктерден кош эзүүнү башынан өткөргөн. Бул мезгил көптөгөн стихиялуу куралдуу көтөрүлүштөр менен мүнөздөлөт. Эл бир эмес, бир нече жолу боштондук үчүн күрөшкө көтөрүлүп, биринин артынан бири чыккан элдик көтөрүлүштөр менен коштолгон: 1845-жылдагы кыргыздардын Оштогу көтөрүлүш, 1862-жылы Алайда Алымбек баштаган элдик толкундоолор, Пулат хан баштаган көтөрүлүштөр. Макалада сөз кылынгандай, көтөрүлүш кыргыз элинин эркиндикке болгон эркин, эгемендүүлүккө умтулуусун көрсөттү . Ал эми Пулат хан атанган Исхак Хасан уулу эр жүрөк ар кырдуу инсан болгон. Анын ишмердиги кыргыз тарыхынын бир бөлүгү жана улуттук эс-тутумга татыктуу жана адилеттүүлүк үчүн жана зулумга каршы күрөштүн символу болуп калды
Кыргызстандын тарыхы; Кокон хандыгы; Полот хан баштаган элдик көтөрүлүш; Полот хандын өмүр баяны