Кабыл алынган убакыт 16.01.2024, Түзөтүлгөн 04.04.2024, Кабыл алынган 27.05.2024
Илимий изилдөөлөр Кокон хандыгы мезгилинде Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы багытталган улуттук боштондук күрөштүн активдүү жетекчилеринин бири Исхак Асан уулу Полотхандын саясий ишмердүүлүгү тууралуу баяндалат. Анда илимий адабияттардагы изилдөөлөргө салыштырмалуу эл арасынан топтолгон этнографиялык материалдардын негизинде информаторлордун өз оозунан жаздырылып алынган кошок ырлары дагы мисал келтирилди. Ошону менен катар көтөрүлүшкө катышкан Мамыр Мерген уулу, Исхактын жан жөкөрү Абдылдабектин жана Баткен аймагында болгон дагы бир активдүү кол башчыларынын бири Молдо Ашырдын эрдиктери дагы айтылат. Изилдөөнүн өзгөчөлүгү жалпы эле көтөрүлүштүн келип чыгуу себептери, жүрүшү, жыйынтыгы тууралуу фольклордук материалдар тарыхый-этнографиялык өңүттө анализденди
улуттук көтөрүлүш; Исхак Асан уулу Полот хан; кошок ырлары; фольклордук материалдар; Кокон хандыгы; Аксы өрөөнү