Кабыл алынган убакыт 01.09.2023, Түзөтүлгөн 13.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада кырк жылдан ашуун Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эмгектенип, байсалдуу өмүр сүрүү менен илимий, окуу-усулдук, педагогикалык, тарбиялык иш аракеттерин натыйжалуу турмушка ашырган, быйылкы жылы 75 жылдык мааракеси өтүп жаткан, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, чыгыш, чөлкөм таануучу Жумали Адилбаевич Адилбаевдин көп кырдуу бейнесин чагылдырууга аракет жасалган. Биз Жумали Адилбаевичтин ишмердүүлүгүн бир нече багытта - чыныгы педагог, таасын аалым, талыкпас тарбиячы, бир катар окуу-усулдук эмгектердин, монографиялардын автору таризинде кароого аракет кылдык. Кадырлуу каарманыбыздын өлкөбүздүн мектептерин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын тарыхчыларынын адис катары калыптануусуна өзгөчө салым кошкону баяндалат. Каарманыбыз өзүнүн нускалуу сөздөрү, чабыты кенен, мааниси терең ойлору, жеке маданияты, интеллектуалдык деңгээли, паам-парасаты, үлгүлүү жүрүшү менен жаштарга таалим-тарбия бергенин, өз замандаштарына, кесиптештерине өзгөчө таасир эткенин баса белгилөөгө аракет кылдык
агай; тарыхчы; аалым; педагог; тарбиячы; автор; үлгү; тарбия