Кабыл алынган убакыт 14.08.2023, Түзөтүлгөн 01.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада жаштардын арасындагы иденттүүлүк сапаттарын калыптандыруу, адамдын инсан болуп калыптанышы өзгөчө бир феном иденттүүлүк-адамдын өзүн-өзү коомдук чөйрөдө баа берүүсүн, инсандын иденттүүлүгү ар дайым өзгөрүп, өнүгүп турары, мекенчилдикке тарбиялоо проблемасын элдик педагогикалык маданияттын тарыхы менен ажырагыс биримдикте кароо зарылдыгы, этникалык иденттүүлүктүн калыптанышында тил маанилүүлүгү, мекенчилдик эл тарабынан туруктуу жана узак сакталган руханий кубулуш, кыргыз элинин улуттук мүнөзү Советтер Союзунун курамына киргенде бир өзгөрсө, Союз кулаганда бир өзгөргөндүгү, жалгыз гана жарандык иденттүүлүктүн эмес, мамлекеттик, этникалык жана локалдык ж.б. иденттүүлүктүн калыптануусунда, тил бардык социалдык коомдун болушунда маанилүү болгондой, этностор аралык толеранттуулук феноменинде да маанилүүлүгү, азыркы кыргыз коомунун абалы, бакубаттыгы жаңы тарыхый кырдаалдын негизин түзгөн баалуулуктар жөнүндө маселелери каралды. Инсандык сапаттардын өзгөчөлүктөрү, жаштардын арасындагы улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун негиздери изилденди. Макалада жаштарды патриоттуулукка мекенчилдикке тарбиялоодогу коомдун ролу баса белгиленди
иденттүүлүк; субъект; психология; социология; патриот; мекенчил; этнос; тарыхый мурас; эне -тил; маданият