Кабыл алынган убакыт 29.08.2023, Түзөтүлгөн 09.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада Ош облусунун калкынын тилдик курамы жана анын кээ бир маселелери каралды. Ош облусундагы жашаган этникалык топтордун тилдерди билүү көрсөткүчтөрү өзгөчө кызыгууну жаратат. Анкени, тил элдин негизги белгисинин бири, анын маданиятынын маанилүү элементи эле эмес, көп улуттуу өлкө үчүн тил баарлашуу каражаты да болуп эсептелет. Макала статистикалык маалыматтар менен талданды. Ош облусунан, ош шаарынан, айылдарынан этносоциологиялык сурамжылоо жүргүзүлдү
кыргыз; тил; кыргыз тили; улут; мыйзам