Кабыл алынган убакыт 10.08.2023, Түзөтүлгөн 27.10.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Бул макалада кыргыздардын салттуу ыкма менен токулган килемдин пайдалануу чөйрөсү жөнүндө жазылды. Автор кыргыздардын салттуу ыкма менен токулган килем жана килем буюмдарынын сакралдык мааниге ээ болуп, кыз узатуудагы сеп буюмдарынын өзөгүн түзүп, баланы сүннөткө олтургузганда, элдик оюндарда, өлүк көмүү салтында ритуалдык мааниге ээ экендигин аныктаганга аракет жасады. Килем буюмдарынын кыргыздын жашоо турмушунда эң эле көп жана узак убакытка чейин пайдаланылуучу бирден бир маанилүү буюм экендиги бизге белгилүү болду. Методдор: килем жана килем буюмдарынын пайдалануу чөйрөсүн изилдөө учурунда негизинен теориялык жана эмпирикалык изилдөө методдору колдонулду. Жыйынтык: Кыргыздардын килем жана килем буюмдарынын пайдалалануу чөйрөсү аркылуу алардын этномаданиятындагы өзгөчөлүктөр аныкталды
салт; салттуу килем; килем буюмдары; токуу; кол өнөрчүлүк; сеп; ритуал