Кабыл алынган убакыт 11.08.2023, Түзөтүлгөн 30.10.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада кыргыз элинин психологиялык ой-толгоолорунун пайда болуусуна, алардын өнүгүүсүнө көңүл бурулду. Кыргыз эли эң байыркы жана маданий мурастарга бай, философиялык ой-толгоолору күчтүү элдерден болгондугу эске алынып талдоого алынды. Өзгөчө «Манас» эпосундагы психологиялык ойлор, кыргыз элинин жомокторунун психологиялык мааниси жана кыргыз санжырасынын адамдын иденттүүлүгүнүн калыптануусундагы психологиялык функциялары көрсөтүлдү. Кыргыз элинин психологиясын, архетиптик жүрүм-турумун, ой-жүгүртүүсүн, социалдык жана руханий болумушун, эс тутумун изилдөөдө маданият, тарых, нарк-насили жеткис булак экендиги аныкталды. Ошондой эле психология илиминин азыркы Кыргыстанда өнүктүрүү үчүн кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүнүн жана менталитетинин эске алынуусу шарт экендиги белгиленди
тарыхый эс тутум; архетип; жамааттык аң-сезимсиздик; жомок терапиясы; манкуртчулук; үй-бүлөлүк генограмма; маданият