Кабыл алынган убакыт 08.08.2023, Түзөтүлгөн 25.10.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Бул макалада кыргыз элинин акындарынын, ойчулдарынын психологиялык ой толгоолору талкууланып, психологиялык талдоого алынды. Кыргыз акындарынын өз убагында айтып кеткен акыл насааттарынын азыркы замандагы психологиялык көз караштарга, психологиялык айрым багыттардын идеяларына да дал келээри көрсөтүлдү. Акын – ойчулдардын, жомокчулардын чыгармаларынан психология илимине байланышкан бир топ кызыктуу ойлорун табууга аракет жасалды. Аларын ичинен акын Асан-Кайгы, кыраакы ойчул Толубай Сынчы жана баамчыл Санчы Сынчынын айтып кеткен психологиялык мүнөздөгү кеңештери, түшүнүктөрү талдоого алынып, мисалдар келтирилди. Ошондой эле макалада кыргыз элинин заманчы акындары тууралуу да баяндалат. Алардын инсан психологиясы, социалдык психология, өнүгүүнүн психологиясы, улуттук аң сезимдин калыптануусу жана башка тармактар тууралуу ыр саптарына сереп салынды
ойчул; акылмандуулук; аналитикалык ой-жүгүртүү; улуттук эс тутум; аң сезим; жүрүм-турум; психологиялык көз караш