Кабыл алынган убакыт 07.08.2023, Түзөтүлгөн 24.10.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада Кыргызстандагы ХΙХ к. экинчи жарымындагы–ХХ к. башындагы элдик кыймылдардын жана көтөрүлүштөрдүн тарыхын изилдөөдөгү колдонулуучу негизги методологиялык принциптер жана методдор баяндалат. Бул мезгилде биз тарыхий аң сезимдин өсүшүнүн жаңы этабын баштан өткөрүүдөбүз. Бул этапта өткөн тарыхыбызды, бүгүнкү болуп жаткан окуяларды жана келечекти бирдиктүү түйүн катары карап, кыргыз тарых илимдерин андан ары карай өнүктурүүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө тарых илимдериндеги колдонулуп жаткан методологиялык принциптер жана методдор жалпы адамзат тарабынан иштелип чыккан жана тажрыйбалар менен байытылган. Тарыхчы изилдөөчү өз мезгилинин реалдуу изилдөөчүсү, ал өз изилдөөлөрүндө өз мезгилиндеги методология менен куралданып тарыхий окуяны анализден өткөрөт, баамдайт, баяндайт жана жазып калтырат
методология; изилдөө ыкмалары; кыймылдар; көтөрүлүштөр