Кабыл алынган убакыт 09.08.2023, Түзөтүлгөн 26.10.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада кыргыз элинин чыгаан уулу, туңгуч премьер-министр, мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Насирдин Исановдун эмгек жолу, мамлекеттик ишмердүүлүгү, жасаган эмгектери жөнүндө сөз болот. Н. Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош областынын Ноокат районундагы Көк-Бел айылында туулган. 1960-жылы Көк-Бел айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1965-жылы Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунун граждандык жана өнөр жай курулушунун инженер-куруучусу адистигин бүтүргөн. 1965-жылы Кыргыз ССРинин курулуш министрлигинин “Ошшааркурулуш” трестине жумушка жиберилген. 1966-1969-жылдары мастер, прораб, участканын начальниги, тресттин башкы технологу, башкы инженери болуп иштеген. 1970-жылы партиянын Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, андан кийин “Нарынгидроэнергокурулуш” башкармасынын партиялык комитетинин катчысы кызматтарын аркалаган. 1974-1976-жылдары комсомолдун Ош областтык комитетинин биринчи катчылыгынан баштап Кыргыз ССРинин курулуш министрилигине чейинки кызматтарда эмгектенген. 1988-1990-жж Эл депутаттарынын Ысык-Көл областтык Советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1991-жылы Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Примьер-министри кызматында иштеген
инженер; курулуш; экономика; обкомкомсомол; коомдук ишмер; премьер министр; академик