Кабыл алынган убакыт 17.08.2023, Түзөтүлгөн 02.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Студенттин адистиги боюнча изилдеп аткан проблемасы «Квалификациялык иш» деп аталып, ал 60тан 100 чамалуу барак көлөмүндө жазылат. Жогорку окуу жайларда калыптанган салтка ылайык, квалификациялык иш жогорку билим дипломуна жолдомо катары каралат. Квалификациялык иштин жазылыш методу менен студенттин темага жасаган мамилесине карап, аларды изилдөө багытындагы жана көчүрмө түрүндөгү, деп экиге бөлүп карасак болот. Биринчи багыттагы квалификациялык иштин аталышы көрсөтүп тургандай, студент коюлган проблеманы түшүнүп, анын маанисин ачыш үчүн арбын убакыт коротуп, терең изилдөө жүргүзгөнгө аракет жасайт. Компилятивдик квалификациялык иште, студент тек гана тема боюнча белгилүү болгон илимий адабияттардын басымдуу бөлүгү менен таанышып, аларда айтылган проблемаларды окуп, үйрөнгөнүн ырааттуулук менен кагаз бетине түшүрүүгө жетишет
методология; метод; студент; квалификациялык иш; проблема; тема; адабият; проблема