Кабыл алынган убакыт 23.08.2023, Түзөтүлгөн 07.11.2023, Кабыл алынган 04.12.2023
Макалада алгачкы жолу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык дипломатиялык карым-катнаштарынын калыптануу жараяны изилденди. Эки өлкөнүн, классикалык түшүнүктөгү, дипломатиялык, элчилик байланыштары эгемендүүлүк жана көз карандысыздык жылдарында эле калыптана баштаганы баса белгиленди. Биз эки мамлекеттин дипломатиялык байланыштарын жана стратегиялык партнёрдук катнаштарын негизинен үч этапка бөлүп карадык. Баса белгилей кетчү жагдай – эки өлкөнүн бакубатчылыгы, өсүп-өнүгүшү, коопсуздугу, туруктуу өнүгүүсү, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоо, элдердин достугун бекемдөө, кызматташтыгын, стратегиялык партнёрдук катнаштарды туруктуу өнүктүрүү жана өркүндөтүү, биздин мамлекет башчы ларыбыздын негизги аракеттеринин багыттары экендиги баса белгиленет. Бул жараяндар эки өлкөнүн жана түрк дүйнөсүнүн интеграциялануу алкагында жүрүп жаткандыгы кубандырат. Ушул таризден алганда, биздин өлкөлөрдүн жетекчилиги 2022-жылдын 20-апрелинде кабыл алган “Эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык партнёрдук тууралуу Декларация” өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленет
Кыргызстан; Азербайжан; достук; кызматташтык; страте¬гиялык партнёрдук; декларация; ийгилик