Кабыл алынган убакыт 13.02.2023, Түзөтүлгөн 03.05.2023, Кабыл алынган 29.05.2023
Маанилүүлүк. Биздин өлкө көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болгон жана болуп кала берет, анда жүзгө жакын ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү достукта жана ынтымакта жашашат. Улуттук маданий борборлор Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук мекемеси болуп саналат. Улуттук маданий борборлордун максаты - тарыхый-маданий мурастарды сактоого, коргоого, изилдөөгө, пайдаланууга, өнүктүрүүгө жана жайылтууга, кыргыз элинин руханий маданий баалуулуктарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын андан ары өнүктүрүүгө жана өз ара байытууга жигердүү көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Улуттук-маданий борборлор улуттук маданиятты жайылтуу алкагында жолугушууларды, көргөзмөлөрдү, курстарды, шоуларды, сынактарды аудио жана видео программаларды уюштурууга, китеп окуу адаттарын жана интеллектуалдык ишмердүүлүктү өркүндөтүүчү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, голограмма жана локалдык этнографиялык галереяларды ачууга, бул максатта улуттук жана эл аралык деңгээлде жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууга арналган мекеме
улут; маданият; маалымат; спорт; ведомство; ассамблея