Кабыл алынган убакыт 15.02.2023, Түзөтүлгөн 05.05.2023, Кабыл алынган 29.05.2023
Маанилүүлүк. Бул макалада социалдык патология түшүнүгүнө берген окумуштуулардын аныктамалары, социалдык патологиянын пайда болушу жана формалары, агрессивдүү жүрүм-турумдун социалдык патология катары эсептелүүсүнүн факторлору, психотроптук заттардын инсандын саламаттыгына жана психикасына тийгизген таасири жөнүндө маалымат камтылды. Демек, «социалдык патология» түшүнүгүнүн мазмуну «социалдык» жана «патология» түшүнүктөрүнүн мазмуну менен байланышкан. «Социалдык патология» деген терминдин өзү эле күмөндүү, анткени, ал кабыл алынган социалдык нормалардан же мыйзам чыгаруу жыйындары ойлоп тапкан мыйзамдардан четтөөлөр менен байланышкан. Ошентип, коомдук мыйзамдардагы чаташуу, алардагы объективдүү жана субъективдүү чаташтыруу, адегенде «патология» терминин, андан кийин «норма» терминин таанууга алып келет. Ар бир адам өзүнүн жашоосунда тигил же бул ооруну башынан өткөргөн. Булар адамдын оорулары. Демек, адам биологиялык да, социалдык да ооруларды баштан кечирет, антпесе адам өзүнүн коомдук табиятынан ажырап калышы мүмкүн
жүрүм-турум нормалары; социалдык патология; аномалия; девианттык жүрүм-турум; адеп-ахлактын бузулушу