Кабыл алынган убакыт 16.02.2023, Түзөтүлгөн 08.05.2023, Кабыл алынган 29.05.2023
Маанилүүлүк. Биздин изилдөөбүз Аксы районунун Жерге-Тал айылында жайгашкан 1888-1905-жылдарга таандык орус элинин провославдык чиркөөсүнүн тарыхы тууралуу болмокчу. Анткени, өткөн кылымдын тарыхый бай мурасы азыркы учурда авариялык абалда. 2023-жылдын июль айында эл арасынан оозеки тарых жыйналып, колдогу болгон илимий адабияттарга жана интернет булактарындагы материалдарга салыштырмалуу изилденди. Успеновкадагы 3 имарат (чиркөө, монастырь - динге кызмат кылуучулардын жашаган үйү (кечил жана поп)) архитектуралык комплекс гана болбостон граждандык согуш мезгилинде басмачылардан жергиликтүү жашоочуларды сактап калгандыгы тууралуу маалымдалат. Ал эми орус жана украин калкынын Жерге-Талга келип калышынын себеби 1886-жылы Падышачылык Россиянын көчүрмө кылуу саясатынын негизинде азыркы аймактарга келип отурукташкандыгы боюнча дагы кызыктуу оозеки тарых баяндалат. Мужуктардын айылы, орус дарагы, кайналы ж.б. бак-дарактар боюнча өтө кызыктуу айтымдар тууралуу дагы сөз болот
орус чиркөөсү; Аксы аймагы; Жерге-Тал (Успеновка) айылы; монастырь; поптордун үйү; орус дарагы; басмачылык кыймыл