Кабыл алынган убакыт 09.02.2023, Түзөтүлгөн 01.05.2023, Кабыл алынган 29.05.2023
Маанилүүлүк. Ааламдашуу шарттарында эл аралык байланыштардын көбөйүүсү менен маданияттар аралык байланыштар да көбөйө баштады. Бул көрүнүш универсалдык мүнөзгө ээ жалпы баалуулуктардын, нормалардын, эрежелердин кеңири жайылышына себепкер болду. Тарых, кыргыз тили, каада-салт, дин, улуттук маданият маселелери боюнча, дегеле кыргыз улутунун улуттук аң-сезимине, көрөңгөсүнө тиешелүү бардык маселелер кайрадан жаңы илимий көз караш менен каралып, изилденүүдө. Салттуулук менен заманбаптык түшүнүктөрдү айкалыштырган иш-чаралардын өткөрүлүүсү, карапайым калкка жайылтылуусу жүрүп жаткан кезде тандалган тема актуалдуу болуп саналат. Андыктан, макалада мамлекетибиздин учурдагы абалына саресеп салуу менен, өнүгүүгө өбөлгө болгон Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп аталган жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн Концепциясы талдалат. Ошондой эле, анын принциптери, артыкчылыктуу багыттары жана аны ишке ашыруудагы абалы, көйгөйлөрү каралат
Кыргызстан; жарандык иденттүүлүк; “Кыргыз жараны”; мамлекет; толеранттулук; көп тилдүүлүк; мамлекеттик тил; укук; көп түрдүүлүк